www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Борбордук күчтөрүнүн (CENTCOM) командирлиги Ооганстандан чыгуунун 2-6 пайызга аткарылганын жарыялады.

АКШ президенти Джо Байдендин 11-сентябрдагы кол салуунун жылдыгына чейин Ооганстандан бардык америкалык аскерлерди чыгарып кетүү чечиминен кийин чыгып кетүү иш-чаралары өткөн жумада башталды.

CENTCOMдун билдирүүсүндө, Президенттин чечиминен бери АКШ Ооганстандан болжол менен 60 С-17 учак жүгүндөй материалдарын алып кетти деп айтылган.

АКШ Ооганстандагы «Жаңы Атонтик» аскердик мекемесин Афганистандын Улуттук армиясына өткөрүп бергени боюнча, «Борбордук күчтөрдүн командирлиги аскерлерди чыгаруу 2-6 пайызга аяктады деп эсептейт», деген маалымат бөлүшүлдү.

Билдирүүдө, Командирлик апталық түрдө болжолдуу чыгып кетүүлөр жөнүндө түшүндүрмө берет деп белгиленди.

АКШнын бийлиги 2020-жылдын 29-февралында Талибан менен келишим түзүп, 2021-жылдын 1-майында Ооганстандан чыгып кетүү боюнча макулдашкан.

Бирок, президент Джо Байдендин администрациясы 1-майдан 11-сентябрга чейин чыгып кетерин жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости