www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Инстаграммда ырчыларга энесинин бутун жуудуртуп челленджди өткөрүп жаткан киши арабдар менен иштешет экен. Бул тууралуу режиссёр Ырыс Окенова социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. 

--"Инстаграммда ырчыларга энесинин бутун жуудуртуп челлендж өткөрүп жаткан киши арабдар менен иштешет экен. Демек, шоу-бизнестеги белгилүү адамдар аркылуу динге үгүттөө, түшүнүксүз агымдарды жаштарга жайылтуу болуп жатат. Качан кыргыз аялы бутун көргөзүп, өз баласына жуудурчу эле? Кыргыздын жигиттери майдаланабы? Энени жүрөгү менен. Бизде эмгеги менен сыйлоо, батасын алуу деген баалуулук бар. Кыргыз энелери эр жүрөк жигиттерди тарбиялаган, эненин бутун жууса эле ыраазычылык алат деген бул туура эмес. Ислам дене мүчөнү көргөзбөөгө үндөйт го. Бул эмне деген кош стандарттык? Акыркы жылдары тыюу салынган диний агымдар биздин өлкөгө кирип алып, жаштарды, элди манкурт кылмай болду!? Президенттин алдындагы Дин иштери боюнча бөлүм каякты карап отурат?", - дейт Окенова. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости