www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Ички иштер министрлиги бир катар кыргыз маалымат каражаттарынын Жергетал (Лахш) аймагындагы этникалык кыргыздарга паспорттук көзөмөл күчөтүлдү деген маалыматын четке какты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.

Тажикстандын "Ховар" мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, Тажикстандын ИИМ маалыматты ишенимсиз жана чындыкка коошпогон деп атады.

"Кыргыз маалымат каражаттарында келтирилген фактылар чындыкка дал келбейт. Эки жарандыгы бар этникалык кыргыздар чындыгында Лахш аймагында жашашат. Бул нормалдуу. Бирок, паспорттук көзөмөлдү күчөтүү жана Кыргыз жарандарын чыгарып салуу болгон жок", - деген Тажикстан ИИМинин басма сөз катчысы Нусрат Махмадзода.

Эске салсак, буга чейин Тажикстан кыргыз паспортун алып жүргөн жарандарды өлкөдөн чыгарып жатканы тууралуу маалымат тараган. Тажикстандын Жергетал (Лахш) аймагында 60 миңге жакын адам жашайт, кыргыздар аймактын калкынын 80 пайызын түзөт. "Озодлик" радиосунун маалыматы боюнча, райондун 20 миң тургуну кыргыз паспортуна ээ.

Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги Тажикстанда убактылуу же мурунтан жашап жүргөн кыргыз паспорту бар жарандардын чыгарылып жатканы тууралуу комментарий берген. Анда бул маселе министрликке март айынын башында эле келе баштаганы жана ал министрликтин көзөмөлүндө экени айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости