www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызстанда биринчи жолу 1994-жылы Конституция бузулуп, Акаев күчкө салып парламентти таратып, референдум өткөргөн», - деди бүгүн, 5-майда NazarNews маалымат агенттигине мурдагы элчи Рамазан Дырылдаев.

«1993-жылкы Конституцияны кабыл алып жатканда мен өтө активдүү катыштым. Себеби, баарын Конституцияда жазылгандай болот, Конституцияга каршы аракеттер болбойт деп ойлопмун. Конституциялык сотду талкуулап жатканда, соттор көз каранды болбош керек деп каршы чыгып жаттым. Бирок, депутат Усубалиев бийликтин долбоорун колдоп жатканына карабай, депутаттар мени колдоп туруп алышты.

Кайра-кайра добушка салат. Депуттар мени колдоп добуш берет. Чолпон Баекова болсо, жалдырап Акаевди карайт. Бир убакта Акаев чыга калып, депутаттардан суранып, араң ошол мыйзам долбоорун колдотту. Анан эле Чолпон Баекова Конституциялык соттун төрагасы болуп калды. Кийин канча жолу мыйзам бузулганына карабай Баекова бийликке ыктаган корутундуларды чыгарып берип турду.

1-жолу 1994-жылы Конституция бузулду. Себеби, биз кумтөрдүн келишимине каршы чыгып жатканбыз. Акаев келишимди өткөзгөнгө аракет кылып жаткан. Ал мезгилде «Кумтөрдүн» 67% Кыргызстанда болчу. Акаев депутаттардын көпчүлүгү бизди колдоп турганын көрүп, учакты учуртпай, сессияны өткөртпөй койду.

Ошентип, күчкө салып, депутаттарды таратып, референдум аркылуу башка Конституция кабыл алдырды. Жыйынтыгында, 2 палаталуу парламент пайда болду. Өзүнө ылайыктуу депутаттарды шайлатып келип калганын жасады. Андан кийин ар бир келген президент Конституцияны өзүнө ылайыктап өзгөртүп отуруп, Келдибеков жазгандай Конституция 10 жолу өзгөртүлдү окшойт», - деп билдирди Дырылдаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости