www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Баткенге көмөк» штабы өз ишин токтотот

Бишкек шаарынын Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өкмөттүн астында уюштурулган «Баткенге көмөк» штабы өз ишин токтотот жана Баткен облусунун жабыркаган тургундарына көмөк көрсөтүү чакырыгына жооп кайтарган жалпы физикалык жана юридикалык жактарга ыраазычылыгын билдирет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Мурда келип түшкөн бардык гуманитардык жардам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин унаалары менен Баткен облусуна жеткирилет.

Ошондой эле, Бишкек шаарында гуманитардык жардам чогултуу, аны эсепке алуу, жөнөтүү иштери уланат жана аны Бишкек шаардык мэриясы координациялайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости