www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровдун элге кайрылуусундагы урунттуу учурлар

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, жаңы Баш мыйзамга кол коюп, андан соң элге кайрылуу жасады.

Президент Садыр Жапаровдун бүгүнкү кайрылуусундагы эң мыкты пунктар:

1. «Бир алкак — бир жол» долбоорунун алкагында, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралын куруу пландалууда.

2. Бизнести жүргүзүү үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзөбүз. Баарынан мурда — себепсиз текшерүүлөрдөн, кийлигишүүдөн, рейдерликтен жана кол салуулардан коргоону камсыздайбыз.

3. Куралдуу күчтөрдү тоолуу шарттарда аскердик операцияларды жүргүзө ала тургандай, технологиялык жактан толук жабдылган атайын бөлүктөрдүн принцибине ылайык уюштуруубуз керек. Экинчи жагынан, биз «элдик кошуундарды» түзүүгө өтөбүз.

4. Мен жыл сайын жалпы элдик курултайдын алдында президенттин иш-аракеттер планынын аткарылышы жөнүндө отчет берип турууга ниеттенип жатам.

Бул сунуштар менен көрсөтмөлөр президенттин өлкөнү орто мөөнөттүү мезгил ичинде өнүктүрүү стратегиясында камтылган. Өнүгүү стратегиясы даяр экени белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости