Феликс Кулов: “Рахмон менен тажик оппозициянын биригүүсүнө Аскар Акаевдин салымы чоң”
Саясат  |   |  845

“Рахмон менен тажик оппозициянын биригүүсүнө Аскар Акаевдин салымы чоң”, - деди бүгүн, 5-майда NazarNews маалымат агенттигине экс-вице-президент, генерал Феликс Кулов.

--“1990-жылдары Кыргызстан аябай кыйналганыбызга карабай тажиктерге жардам бердик. Гуманитардык жардамды айтпай эле коёюн. Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен Бириккен тажик оппозициясы менен элдешүүгө болгон аракетибизди жумшадык. Акыйкат үчүн айтып коёюн Аскар Акаевдин салымы абдан чоң. Бишкекте сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө аракет кылып, аягында ишке ашырды”, - дейт Кулов.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями