Садыр Жапаровдун Москвадагы Жеңиш парадына катышары арсар
Саясат  |   |  1385

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Москвада өтө турчу Жеңиш парадына катыша турганы азырынча белгисиз. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бүгүн, 5-майда журналисттерге билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазды.

«Кыргызстанда президент Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш парадына катышары же катышпай турганы тууралуу расмий маалымат азырына боло элек», - деп билдирген ал.

Ошондой эле, Песков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 9-майда Москва шаарында өтө турган Жеңиш парадына катышарын кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями