www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун «Лейлек жаштары» кыймылынын өкүлү Шайбек Юлдашев калктын кайгысын курал кылып, жеке кызыкчылыктарын көздөгөн шылуундардын да чыгып жатканын айтып кейиди. Ошондой эле базарда же көчөлөрдө «Баткенге жардам» деген шылтоо менен жеке чөнтөгүнө «иштеп» жаткандарга алдамчылык, айрыкча ыйык Рамазан айында ушундай иш менен алектенүү болуп көрбөгөндөй чоң күнөө экенин эскертти.

«Азыр көчөлөрдө же базарларда плакаттарды же коробкаларды көтөрүп алып «Баткенге жардам» деп акча чогултуп жатышат. Мындай алдамчылыкка жол бербөө керек. Ушундай кейиштүү нерсени колдонуп, өз кызыкчылыгына пайдаланып жүргөндөр көбөйүп жатат. Сиздер да алданбаңыздар. Биздин бир эле кеңсебиз бар, дарегибиз: Бишкек шаары, Фучик көчөсү, 7/7. Ошол жакка бардык каалоочулар келип, жардамыңарды көрсөтсөңүздөр болот», - деди Юлдашев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости