www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуулардын учурунда жабыркаган турак-жайларды, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди калыбына келтирүү, шилендилерди тазалоо ишине киришти. Бул тууралуу Өкмөт башчы Улукбек Марипов социалдык баракчасына жазды. 

Мамлекеттик бюджеттен калыбына келтирүү иштерине 700 млн сом бөлүнгөн.

Анын басымдуу бөлүгү, атап айтканда 500 млн сому социалдык объектилерди калыбына келтирүүгө жана жабыркаган айылдарга алып баруучу жолдорду курууга багытталат.

Калган 200 млн сому талкаланган турак-жайларды курууга жумшалат.

Биз бардык тийиштүү шарттары каралган заманбап турак-жайларды куруубуз керек. Эң негизгиси – күз мезгилинин башталышына дейре жабыркаган жарандар турак-жайларга жайгашуусу үчүн иштерди тез арада баштообуз зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости