www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Коргоо министрлиги өлкөдөгү аскер кызматкерлеринин дээрлик 100%ы коронавуруска каршы вакцинанын биринчи дозасын алганын кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, вакцинанын биринчи дозасы аскерлердин 94,7%, экинчи дозасы 61,1% сайылды. Бул үчүн негизинен кытай-өзбек биргелешкен ZF-UZ-VAC-2001 вакцинасы колдонулууда. Мындан тышкары аз санда «Спутник V» жана Moderna вакциналары да сайылууда.

Августтан тартып өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндө иштеген башка жумушчуларды да эмдөөдөн өткөрүү иштери башталган.

Өзбекстанда Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссиянын чечимине ылайык, аскер кызматкерлери 1-сентябрга чейин эмдөөдөн өтүшү керек болгон адамдардын тобуна киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости