www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Электр энергиясын чектөө болгон жок

Ушул таптагы электр энергиясынын өчүрүлүшү кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу болууда.

Бул тууралуу "Түндүк электр" мамлекеттик ишканасынын өкүлү Улан Манапбаев "Биринчи радиого" маек куруп жатып билдирди. Анын айтуусунда азыркы өчүрүүлөрдү жарыкты чектөө же маал-маалы менен өчүрүү деп түшүнүүгө болбойт.

"Электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү 2008-2007-жылдары энергетикалык кризис учурунда болгон. Бул жергиликтүү бийликтер менен макулдашуунун негизинде ишке ашат. Кайсы убактарда кандай аймактарда жарык өчүрүлөрү тууралуу алдын ала маалымат берилет".

Манапбаевдин айтуусунда линиялар оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жаткан жумушчулардын коопсуздугу үчүн өчүп жатат.

2007-2008-жылдары "Токтогулдагы" суу 7-8 миллиард куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Суу 6 миллиард куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертип келет. Ушул тапта суу сактагычта 11, 9 млрд. куб метр суу бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости