www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Катардын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдулла Ахмед Абдулла Салех Аль Сулайтиди кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, элчи 2023-2024-жылдары Катардын Доха шаарында өтө турган “ЭКСПО-2023” эл аралык көргөзмөсүнө расмий чакыруу тапшырды.

Ошондой эле Катар Кыргыз Республикасынан экологиялык айыл чарба азыктарын экспорттоого кызыкдар экенин билдирди.

Кыргызстанда Катар мамлекетине экспорттоо үчүн органикалык айыл чарба продукциясынын жетиштүү көлөмү бар, айрыкча бал менен эт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости