www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Орусиядагы 182 дипломатын кыскартат

Америка Кошмо Штаттары орус бийлигинин чечимине байланыштуу Москва, Владивосток жана Екатеринбургдагы дипломатиялык миссияларда иштеген 182 кызматкерин кыскартууга мажбур экенин билдирди. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин билдирүүсүндө айтылат.

Орус өкмөтүнүн буйругуна ылайык, АКШ элчилигине Орусиянын жана башка өлкөлөрдүн жарандары менен эмгек келишимин түзүүгө тыюу салынган.

Мындай чектөө апрель айында Орусиянын президенти Владимир Путиндин жарлыгы менен киргизилген. Ал эми 13-майда Кремль АКШ менен Чехияны тизмеге кошкон. Орус тарап АКШны 2021-жылдын 1-августуна чейин буйрукту аткарууга милдеттендирген.

АКШнын мамлекеттик катчысы бул чаралар АКШнын Орусиядагы миссиясына, өзгөчө дипломатиялык кызматкерлердин коопсуздугуна "олуттуу" таасирин тийгизерин белгиледи.

"Биз орус бийлигинин бул чечимине өкүнөбүз, бирок АКШ Орусия менен пландалган иштерди улантууда өз милдеттенмелерин аткарат", - деп айтылат Блинкендин билдирүүсүндө.

Буга чейин Москва АКШнын он дипломатын өлкөдөн чыгарууну чечкен. Америкалык жогорку даражалуу сегиз чиновникке Орусияга кирүүгө тыюу салган. Бул кадам киберчабуулдар үчүн АКШ Орусияга каршы киргизген санкцияларга жооп болгон. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости