www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Жо Байден видео кайрылуусунда Вашингтон Украинадагы кырдаалга байланыштуу Орусиядан энергия импорттоого тыюу салганын билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Байден мындай санкциялар америкалык май куюучу станциялардагы күйүүчү майдын баасынын дагы өсүшүнө алып келерин, Орусия Украинадагы операциясы башталгандан бери күйүүчү май 75 центке кымбаттаганын маалымдаган.

АКШнын мунай импортунун 8% жакыны Орусияга туура келет, газды болсо америкалыктар ал өлкөдөн алышпайт. Байден буга чейин энергетика тармагындагы санкцияларга көнбөй келген. Мамлекет башчы күйүүчү майдын баасы көтөрүлүп, анын кесепети АКШдагы кардарларга да тиерин айткан.

Ал эми, башка союздаштары мындай сунушту кабыл алып-албоосу азырынча белисиз. Бирок Вашингтон ушул чечимди кабылдай тургандыгын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости