www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай Украина менен болгон согушта Орусияга жардам берип жатат. Бул тууралуу АКШнын Улуттук чалгындоо кызматынын башчысы Эврил Хейнс Вашингтондо улуттук коопсуздук маселелерин талкуулоонун алкагында өткөн иш-чарада билдирди.
“Кытай, биздин көптөгөн союздаштарыбыз сыяктуу эле, Орусияны ачык сындоодон качуунун жолун издеп жатат жана өтө ыңгайсыз абалда калууда. Ошол эле учурда көшөгө артында Орусияга ар кандай жолдор менен жардам берип жатканын көрүп жатабыз. Бул колдоонун кээде ачыктан-ачык же жашырылганы көрүнүп турат”, - дейт Эврил Хейнс.
Улуттук чалгын кызматынын башчысынын билдирүүсүнө чейин АКШнын Каржы министрлиги Орусиянын куралдуу күчтөрү менен кызматташкан деп шектелген беш кытайлык компанияга каршы санкцияларды киргизген. Ошол эле учурда АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан менен коргоо министри Ллойд Остин кытайлык кесиптештерине Бээжин Москвага кандайдыр бир аскердик жардам көрсөтсө, Вашингтон катуу чара көрөрүн ишара кылышты.
Булак: NazarNews.kg