www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Орусияга жаңы санкцияларды жарыялады

АКШ Орусиянын бир катар технология компанияларына жана Москванын Украинага басып киришине байланышы бар деген адамдарга санкция салды. Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги 31-мартта билдиргендей, орусиялык 13 жаран жана 21 мекеме санкциялык тизмеге киргизилди. Алардын арасында Орусиядагы чип чыгаруу багытындагы эң чоң компания деп саналган «Микрон» ишканасы да бар.

Мындан тышкары АКШ санкциялардын күчүн Орусиянын аэрокосмос, электроника тармактарына жана деңиз флотуна чейин кеңейтти. Бул чечим Вашингтонго аталган тармактарда иш алып барган компанияларга же жеке тараптарга санкция салууга мүмкүнчүлүк берет.

Каржы министрлиги соңку чаралар Орусиянын «зыяндуу кибер оюнчуларына» каршы багытталганын билдирди.

«Биз пайдасыз согушту тандоо токтогонго чейин бардык өңүттөгү санкциялар менен Путиндин согуш машинасын бутага алууну улантабыз», - деди АКШнын каржы министри Жэнет Йеллен.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости