www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күрдстан эске түшкөндө РПК (Күрдстан жумушчулар партиясы) жана жээни Өмүрбек Бабанов эске түшөт. РПК дүйнөдөгү эң бай жана коркунучтуу партия, ал күрддөрдү жана күрддөрдүн жээнин гана финансылайт. Күрдстанда газдын очогу бар, бирок алар Түркиянын айыгышкан душманы болгондуктан Түркия менен Европага өтө алышпайт. Бабан – деген кыргызда сөз жок. Бабан – күрд сөзү. Илгери Күрд княздыгы Бабан эмираты аталган. Күрд княздыгы 1649-жылдан 1850-жылга чейин азыркы Ирак менен батыш Ирандын аймагында болгон экен. Бабан эмиратынын борбору Сулеймания шаары болгон. Бабан эмиратын азыркы күрддөр аль-Бабан атаса, түрктөр Бабанлар же Бабанзаде атачу экен. 17-19-кылымда Бабан эмираты түрктөргө каршы согушка активдүү катышып 1850-жылы таш-талканы чыгыптыр.Башкысы түрктөр менен күрддөр сөөк өчтү душман.

Түркия күрддөрдүн газын Европага өткөрбөгөнү Орусияга жакшы болду. Орусия спот базарларындагы баанын олуттуу жогорулашынан улам газ сатуудан рекорддук киреше ала алат, деп билдирди немис эксперти Янис Клюге ntv.de порталына берген маегинде. Анын айтымында, Москва энергетикалык ресурстарды сатуудан түшкөн кирешенин аркасында инфляциянын өсүшүн, киреше салыгынын жана ИДП жыйымдарынын кыскарышын компенсациялай алат.

«Спот базарларында газдын баасы акыркы бир жылда беш эсе кымбаттады. Буга чейин газ бюджетте мынчалык чоң роль ойногон эмес, мунайга салыштырмалуу бирден төрткө жакын катышы бар.Бирок быйыл газ Ушундай эле киреше бере алат, анткени көптөгөн келишимдер спот баасына шайкеш келет, бул «Газпром» рекорддук киреше алат дегенди билдирет», - деп сунуштады Клюге.

Анын пикиринде, быйыл Орусиянын бюджети профицитте болот. Эксперт белгилегендей, азыр россиялык мунайдын базар баасы баррелине 82 долларды түзөт. Ошол эле учурда Кремль бюджетти пландаштырууда негиз катары бир баррелдин баасын 62 доллардан пайдаланган. Клюге Москва бюджетти бир долларга 72 рубль курсуна карап пландаганын, ал эми бүгүнкү күндө ал 85 рублди түзгөнүн баса белгиледи.

Орусия президенти Владимир Путин Батыш өлкөлөрүнө газ сатуунун жаңы тартиби тууралуу жарлыкка кол койгон. Путин ошондой эле, Батыш өлкөлөрү төлөөнүн жаңы шарттарын аткарбаса, газды жеткирүү боюнча азыркы келишимдер токтотулаарын белгилеген. Кремль өкүлү Дмитрий Песков болсо Орусия кайрымдуулук менен алектенбей турганын белгилеп, эгер газдын акысы рубль менен төлөнбөсө, Европага газ берилбей турганын кошумчалаган.

 Күрддөрдү жек көргөн Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Стамбулда Орусия менен Украинанын делегацияларынын сүйлөшүүлөрү талкуулады. «Президент Режеп Тайып Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү. Орусия жана украин делегацияларынын Стамбулдагы жолугушуусу талкууланды. Сүйлөшүү учурунда Эрдоган Украина менен Орусиянын сүйлөшүү делегацияларынын Стамбулдагы жолугушуусу олуттуу мааниге ээ болгонун айтты. Согушту токтотуу жана тынчтык орнотуу процессине көңүл бурулду», - деп айтылат түрк лидеринин кеңсесинин билдирүүсүндө.

Эрдоган Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдөн кийин чыңалууну басаңдатуу үчүн кээ бир сигналдарды берүү маанилүү экенин айтты жана Зеленскийдин Түркияда Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусун сунуштады. «Украинанын президенти Зеленский дагы президент Эрдоганга украин жана орус делегацияларынын Стамбулдагы жолугушуусун уюштурганы үчүн ыраазычылык билдирди», — деп айтылат билдирүүдө.

29-мартта Орусия Украинанын баш калаасы Киевдин жана түндүктөгү Чернигов шаарынын айланасындагы операцияларын кыскартып жатканын билдирип, анын максаты «өз ара ишенимди бекемдөө» аракети менен түшүндүргөн. Орус тарап бул тууралуу эки өлкөнүн делегацияларынын Стамбулдагы сүйлөшүүлөрүнөн кийин жарыялаган болчу. Бирок мындай билдирүүгө карабастан орус күчтөрүнүн Украинанын түндүгүндөгү аба чабуулдары уланып жатканын эки тарап тең ырасташты.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости