www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын экономикасын АКШ талкалайбы?

Украинанын айланасында кырдаал курчуп кеткен учурда АКШ даярдап жаткан Орусияга каршы санкциялардын бир бөлүгү "алдын ала" киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу АКШ Сенатынын эл аралык комитетинин башчысы Роберт Менендес CNN телеканалына берген маегинде билдирди.

Ал Орусияны мындай чараларды профилактикалык киргизүү менен коркутуп, азыркы кырдаал курчуп кетсе, "орус экономикасын талкалай турган" кыйратуучу санкциялар келерин белгиледи.

Ошол эле учурда Менендес чектөөчү чара катары Орусияны эл аралык SWIFT банктар аралык төлөм системасынан ажыратуу мүмкүнчүлүгүн сактоону жактай турганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости