www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясынын 1 кВт-сааты 77 тыйындан 50 тыйынга чейин төмөндөтүлдү. Жаңы тариф 2022-жылдын 1-январынан тартып жеткиликтүү болду. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.
Президент Садыр Жапаров аз камсыз жарандар үчүн тарифти төмөндөтүү тапшырмасын декабрда берген.
Жеңилдикке 16 жашка чейинки баласы бар, "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алгандар ээ болду. Керектөө 700 кВт-сааттан ашса, алар 2,16 сомдон төлөшөт.
2021-жылы 15-октябрдан тартып электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тарифтер күчүнө кирип, өндүрүш үчүн баа кымбаттаган.
Калк 700 кВт-саатка чейинки электр жарыгы үчүн 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 16 тыйындан төлөйт. Мекеме-ишканалар, компаниялар үчүн тариф 1 сом 68 тыйындан 5 сом 4 тыйынга чейин белгиленген.
Булак: NazarNews.kg