www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жекшембиде Түндүк Корея Чыгыш деңизди көздөй белгисиз снарядды ыргытты. Бул тууралуу «Ренхап» агенттиги Түштүк Кореянын Штабдар башчыларынын бирдиктүү комитетине шилтеме жасоо менен билдирди.

Аскердик талдоочулардын айтымында, снаряд баллистикалык ракета болуп эсептелет.

Маалыматка караганда, ракета 2 чакырым бийиктикте 800 чакырымга учуп, Жапониянын экономикалык зонасынын нары кулаган.

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин улуттук коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүп, Түндүк Корея «контитенталь аралык баллистикалык ракеталарды учурбоо жөнүндө алган милдеттемелеринен артка тайганын» билдирди.

Ал Түндүк Кореяны чыңалууларды жаратууну токтотууга жана диалог куруу боюнча эл аралык чакырыктарга көңүл бурууга чакырды.

Бул Пхеньяндын жылдын башынан берки жетинчи жолку сыноосу болуп калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости