www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Ысык-Көл облусунун Сары-Камыш, Чолпон-Ата аймактарындагы тарыхый баалуу таштар, петроглифтер жайгашкан жерлерге калктуу конуштар түшүп, сарайлар курулуп жатканын маалымдады.
Мекеменин билдирүүсүнө караганда, министр Азамат Жаманкулов 30-январда петроглифтер жайгашкан аймакты кыдырып келди. Министрлик жергиликтүү бийлик органдарына эстеликтерди сактоо, андагы жер тилкелерин мамлекеттик музейлерге өткөрүү боюнча бир нече жолу кайрылганы менен жыйынтык чыга элек.
Сары-Камыш айылынан Чолпон-Ата шаарында чейинки тоо этегинде жайгашкан тарыхый таштар б.з.ч. II миң жылдыктан б.з. ч. I жылдыктарына таандык.
2020-жылы Алайдагы петроглифтер жаткан аймакта көмүр казуу иштери башталып, коомчулуктун сынына кабылган. Кыргызстанда ташка чегилген жазуулар Чолпон-Атанын Сары-Ой айылында, Жалал-Абад облусунун Казарман айылында, Алай районунун Үч-Дөбө айылында жана Ош шаарынын Сулайман тоосунда көп кездешет. Кыргызстанда мындай жерлер "саймалуу таш" деген ат менен белгилүү.
Булак: NazarNews.kg