www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Орусиянын экономикасынын таш-талканын чыгарды

Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки АКШ жана анын союздаштары «Орусиянын экономикасын толугу менен талкалап салышты» деп билдирди. Бул тууралуу ТАСС басылмасы жазды.

Псакинин айтымында, бул Украинадагы кырдаалга байланыштуу экономикалык санкцияларды киргизүү аркылуу ишке ашып жатат.

Эске салсак, Украинадагы кырдаалга байланыштуу Батыш өлкөлөрү жана аларга тиешелүү улуттар аралык компаниялар Орусияга каршы бир топ чектөөлөрдү киргизген.

Атургай айрым өлкөлөр Орусиянын учактары үчүн аба мейкиндигин жаап, учурда каттамдар токтотулган. Ошондой эле Орусиянын аймагында иш алып барган дүйнөлүк ири бренддер ишин токтотуп койгон учур.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости