www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үйдөгү жаман энергияны кантип тазаласа болот?

Көз тийүү – бул чындык. Үйдөгү жаман ауранын баары ушундан пайда болот. Сиздин үйүңүздө канчалык жаман энергия көп чогулса, үйдөгү жашоочуларга ошончолук зыян алып келет. Үйдө жаман энергия бар экенин кантип билсе болот?

1. Сиз үйдө жүргөндө башкача сезимдер боло берет. Мисалы, коркунуч, тынчсыздануу, кыжырлануу, шалдыроо.

2. Кичинекей балдар бат-бат ыйлап, тынчы кетет. Үй жаныбарлары да бир жерде тура албай тынчсызданышат.

3. Үйдөн бирөө такылдаткан, кыйчылдаткан добуштар угулат. Буюмдар өзүнөн өзү жоголуп, кайра табылып, же сынып калат.

4. Оюңуз бир жерде болбой, башкача ойлор келет. Көйгөйлөрдү, жумушта болгон терс окуяларды гана ойлой бересиз.

5. Жашооңуз сазга айланып, тапкан акчаңыз чогулмак түгүл, керектүү нерселерге да жетпей калат. Мына ушулардын баары сизге жана үйүңүзгө көз тийип, үйдүн ичине терс энергия чогулгандыктан кабар берет.

Жаман энергиядан арылуу жолу

Керектүү нерселер: 2 аш кашык уксус, жарым аш кашык туз, 1 стакан суу, шалфей ак майынан 4 тамчы. Тузду стаканга салып, суу менен толтуруңуз. Андан кийин уксус кошуп, артынан майды салыңыз. Аралаштырбаңыз! Кандай болсо ошондой коюп коюңуз.

Ушундай кылып бир нече стакан жасап үйдүн ар бир бөлмөсүнө экиден-үчтөн коюп коюңуз. Эч аралаштырбаңыз! Жан адамга карматпаңыз. 24 саат ошол бойдон сактап, андан кийин жакшылап стаканды караңыз, эгер эч нерсе өзгөрбөсө, демек үйүңүз таза. Эгерде суунун өңү 24 саат мурдагыдан башкача болуп өзгөрсө, же башка бир нерселерди байкасаңыз, анда үйдөн алысыраак жерге барып чачып салыңыз!

Стакандагы суу бир калыпта болмоюнча бул процедураны кайталай бериңиз. Сууну сөзсүз сыртка алып чыгып төгүңүз, анткени ал өзүнө сиңирип алган жаман энергиянын баарын үйдөн алып чыгат. Мына ушундай жол менен үйдү тазаласа болот экен. Бул чындык, ишенбесеңиз жасап көрүңүз жана жакындарыңызга сунуштаңыз.

Булак: Азия News гезити

Последние новости