www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аляскада жайгашкан Коопсуздук жана Арктикага туруктуулук борборунун директору Трой Буффард орусиялык гиперүндүү ракета программасы АКШны коркутуп жатат, деп билдирди Le Monde гезитине.

"Стратегиялык жактан орустар жакшы иш жасашты. Алардын пландары коркунучтуу", - деди ал ракетанын бул түрүнө токтолуп.

Орусия жана Кытай менен кызматташкан үндөн тез ылдамдыктагы ракеталар саатына 6 миң километрден ашык ылдамдыкта, төмөн бийиктикте учуп, багытын өзгөртө алат. "Ракеталарды кармоо жок жана жалпысынан мындай кармоо мүмкүн эмес", - деп баса белгиледи Буффард.

Басылма ошондой эле америкалыктар Арктика флоту жаатында бир топ артта калганын белгилейт.

"Биздин (америкалык - ред.) Жээк коопсуздук кызматынын эки муз жаргыч кемеси бар, Аскер-деңиз флотунда бир да муз жаргыч жок, ал эми орустарда элүү беш, анын бешөө өзөктүк кубат менен иштейт. Бизде түзмө-түз эч нерсе жок", - деп нааразы болду Буффард.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости