www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азербайжан менен Армениянын чек арасында кырдаал курчуп кеткенин РИА Новости жазды.
Билдирмеге караганда, эки өлкө бири-бирин чагымчылыкка айыптап жатышат. Армениянын Коргоо министрлиги Азербайжан тарап шейшембиге караган түнү оор артиллерия, учкучсуз аппараттарды жана миномётторду колдонуп Армения аймагын аткылаганын кабарлаган. Учурда абал курч, армян тарапта каза болгондор жана жарадарлар бар экени айтылды.
Өз кезегинде Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын диверсиялык күчтөрү алар жүргөн аймакка мина койгонун жана тиешелүү жооп кайтарылганын билдирип, алар тараптан дагы жоготуулар болгонун кошумчалады.
Ал ортодо Армениянын ТИМ башчысы кырдаал тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго маалымат берсе, премьер-министри Никол Пашинян АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен телефондон сүйлөшүп чек арадагы абалды талкуулаган.
Булак: NazarNews.kg