www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германия энергетикалык каатчылыктан улам өнөр жай системасынан кол жуушу мүмкүн экени жазылган макала The Economist журналына басылды.

Анда немец өндүрүшү акыркы жылдары Орусиядан келген арзан энергетикадан жана Кытайга сатуу мүмкүнчүлүгүнөн көз каранды болуп келгени айтылган. Санкциялык чектөөдөн жана Кытай экономикасынын солгундашынан улам Германиянын индустриалдык системасы жабыркай баштады. Немец өнөр жай ассоциациясынын башчысы BDI Зигфрид Руссвурмга таянуу менен журналисттер Германияда өндүрүш жок болуп кетүү коркунучунун алдында турганын жазып чыгышты.

"Мындай кырдаалга башка ишканалар да кептелиши толук ыктымал. Немец өнөр жайынан көз каранды болгон өндүрүш дүйнөсү катуу жабыркашы мүмкүн. Мында эң олуттуу көйгөй — энергиянын кымбатташы. Кийинки жылы электр энергиясына болгон баа 15 эсеге, ал эми газдын наркы 10 эсеге жогорулашы күтүлүп жатат", — деп жазылган макалада.

Басылма энергетика каатчылыгынан чакан ишканалар көбүрөөк жапа чегип жатканын белгиледи. 1 000ге жетпеген кызматкери бар компаниялар өндүрүшкө жасалган буйрутмадан баш тартып коюшкан. Нан өндүрүшүнө өзгөчө басым жасалган.

"Өлкөдө нандын үч миңден ашуун сорту чыгат, 10 миңдей өндүрүшчү учурда кыйналып жаткан маал. Алар электр энергиясы менен газга абдан муктаж. 127 жылдык тарыхы бар Wiedemann наабайканасы кызматкер жетишпей жатканын, электр энергиясын катуу үнөмдөөгө аргасыз экенин билдирди", — деп жазган журнал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости