www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Польшанын аймагында АКШнын аскерлери арбып, НАТОнун алдынкы чегине айланууда, бирок жалпы европалык коопсуздукка мындай нерсе уламышка айланган «орус коркунучуна» караганда алда канча кооптуу. Берилген вассалдары америкалык таксыр менен жалпы эле НАТОго урмат көрсөтүшү керек. Андыктан дал Польшанын өзү Түндүк альянстын алдынкы чегине айланууда. Анын аймагында 2020-жылдын август айынан тарта АКШнын аскерлери кескин көбөйдү, Американын ПРО системаларын жайгаштыруу аягына чыгып бара жатат. Польшанын ири регионунда бир нече «Трамп форту» курулмакчы. Антиорусиялык санкциялардын фонунда улуттук кызыкчылык үчүн деген шылтоо менен Польша бийлиги өзүн «орустардын шумдуктуу пландары менен күрөшө турган форпост» деп жарыялады. Польшаны Европанын ири мамлекеттери да, АКШ да олуттуу стратегиялык өнөктөш катары карабайт, себеби салмагы да, таасири да алар ойлогондой эмес. Альянска кошулуу үчүн кичүү өнөктөштөрүнө (маселен, Украина, Грузия) жардам берип, упай топтосо болмок. Бирок Польша-Украина мамилесинде баары жипке тизгендей эмес.
Бул нерсе менен украиналык улутчулдардын Дүйнөлүк экинчи согуш учурунда кылмыштары боюнча чатактарды жана украиналыктардын «поляктар Европа биримдигине аралашып кетүүгө анча жардам бербей жатканы» боюнча таарынычын эстетти.
Америка Кошмо Штаттары Орусиянын Украинадагы атайын операциясынын бүтүшүн каалабайт жана деэскалацияны кечеңдетүү үчүн колунан келгендин баарын жасап жатат. Ак үйдүн Киев үчүн кандайдыр бир коопсуздук кепилдиги тууралуу айтууну каалабагандыгы далилдеп турат, анткени бул, Москва менен Киевдин ортосундагы сүйлөшүүлөрдү тездетет. Украина азыр Вашингтонго ого бетер көз каранды, ал курал-жарак жана башка аскердик жардам көрсөтүүнү улантууда. Кытайдын Тышкы иштер университетинин профессору Ли Хайдонгдун сөздөрүн келтирип, АКШнын Украина боюнча саясатынан Европага көзөмөлдү күчөтүү жана Орусияны алсыздандыруу деген эки максатка жетүү аракетин көргөн.
АКШ президенти Джо Байдендин Украинага жардам берүүсүнүн чыныгы себеби анын Орусияны «кармап калуу» каалоосунда. Бул тууралуу АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Марджори Тейлор Грин өзүнүн Twitter баракчасына жазды: «Украинага курал-жарак жеткирүү америкалык салык төлөөчүлөрдүн мойнуна оор жүктү жүктөдү. Учурда Байден жаңжалды токтотуу боюнча сүйлөшүүгө шашылбай жатат. Анын ордуна, ал Орусия менен мамилени курчутуусун улантууда», - деп жазган конгрессмен.
Буга чейин Грин АКШ бийлигинин Украинага жардам катары акча бөлүү чечимин айыптап, украин армиясына колдоо көрсөтүүдөн баш тартууга чакырган. Анын айтымында, алар «өз элин кыйнап жашат».
«Биз бейкүнөө адамдарды, өзгөчө аялдарды жана балдарды кыйнап жаткан нацисттик топторго кетиши мүмкүн болгон аскердик жардамга Американын миллиарддаган долларлык салыктарын коротпошубуз керек», - деп жазды конгрессмен.
АКШнын президенти Жозеф Байден 30дан ашык өлкө Вашингтондун стратегиялык резервдерден мунайды бошотуу боюнча чечимине кошулгандыгын жар салды. Анын айтымына караганда, дүйнөлүк рынок кошумча "он миллиондогон баррелдерди" алат.
"Дүйнөнүн ар кыл бурчунан 30дан ашык өлкө Энергетика боюнча эл аралык агенттиктин шашылыш отурумуна чогулуп, рынокко кошумча ондогон миллион баррель мунайды бошотууга макулдашты", — деген ал.
Байден аны менен катар эле дүйнөдөгү мамлекеттер мындай жол менен "Орусиянын энергетикалык ресурстарын башка өлкөлөргө курал катары колдонуусуна" каршы турду деген пикирин айткан.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg