www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясы Украинадагы кырдаалга байланыштуу митингдерди өткөрүүгө тыюу салган чечимди түшүндүрдү.

Муниципалитет мындай убактылуу чектөөнүн тынчык акцияларына тиешеси жок экенин белгиледи.

Буга чейин Бишкек ШИИБ район аралык соттордун чечими менен Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча тынч митингдерди, акцияларды өткөрүүгө тыюу салынганын билдирген.

Мэрия акыркы учурдагы орус-украин чатагына байланыштуу төрт райондун аймагында тараптардын бирин колдогон митингдер байма-бай өткөрүлүп жатканын, ал эми уюштуруучулар улут аралык кастыкты козута турган чагымчыл лозунгдарды колдонуп жатканын айтты.

"Бишкек көп улуттуу шаар экенин эске алып жана этностор аралык массалык баш аламандыктарды алдын алуу максатында, ошондой эле "Тынч чогулуштар жөнүндө" мыйзамынын негизинде акимиаттар райондук сотторго арыз менен кайрылышкан. Анда 2022-жылдын 31-мартынан 30-апрелине чейин орус-украин жаңжалы боюнча митингдерди өткөрүүгө убактылуу тыюу салууну өтүнгөн", — деп жазылган маалыматта.

Муниципалитет өз кезегинде райондук соттор райондук администрациялардын чечимин негиздүү жана мыйзамдуу деп эсептегенин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости