www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош жана Баткен облустарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Данги участогунун аймагында кичи ГЭС куруу долбоору менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Бул аймакка кичи ГЭСтин курулушу менен Ош шаарынын бир бөлүгүн көп жылдардан бери чечилбей келген ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу маселеси чечилет.

Министрлер кабинетинин башчысы сунушталган долбоорду жактырып, бардык укуктук жана документациялык маселелерди ыкчам чечүү зарылдыгын билдирди.

Андан соң министрлер кабинетинин төрагасы катарлаш жайгашкан Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушуп, антикризистик чаралар, бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогрулатуу, күндө керектелүүчү азык-түлүктөргө карата баалардын жогорулашына жол бербөө жана жер тилкелерин трансформациялоо боюнча Министрлер Кабинети тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости