www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия энергоресурстарын берүүдөн баш тартса, Германияда немец өнөр жайы талкаланууга учурашы мүмкүн. Бул тууралуу Немец өнөр жайчылар федералдык союзунун президенти (BDI) Зигфрид Руссвурм айтканын "Известия" жазды.

"Коронавирус пандемиясы учурунда бизди сактап калган өнөр жайыбыздын талкаланышы туурасында айтып жатабыз", — деген Руссвурм ZDF телеканалында сүйлөп жатып.

Буга чейин 30-мартта BASF байкоочулар кеңешинин мүчөсү жана Химиктердин кесиптер бирлигинин (IGBCE) президенти Михаэль Вассилиадис эгерде Орусия газ бербей калса, болот куйган, химия жана кагаз өндүрүү өнөр жайлары бир нече аптадан кийин жабыларын айткан эле.

Ага бир күн жетпей дүйнөдөгү эң ири деп эсептелген BASF химиялык концернинин директору Мартин Брудермюллер Орусиянын мунай менен газы келбей тоңдурулуп же пауза созулуп кетсе, анда Германияда анын кесепеттери оор болорун олуттуу эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости