www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакынкы Чыгыштагы конфликт тууралуу Дубайда өтүп жаткан COP28 климат боюнча саммитте АКШнын вице-президенти сөз сүйлөдү. Ал көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү келечеги менен Иордандын Батыш жээгинде жана Газа тилкесинде бирдиктүү палестиналык башкаруунун зарылдыгын белгиледи. Азыр Батыш жээктеги палестиндер көзөмөлдөгөн аймактарды Палестин автономиясы, ал эми Газа секторун ХАМАС радикал тобу башкарып жатат.

АКШ колдогон Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ишембиде согуштук аракеттерин уланта турганын тастыктаган. Ошол эле учурда Израил эгер барымтадагылар бошотулса, убактылуу тыныгууларга даяр экенин айткан. Израилдин өкүлдөрү аймакты оккупациялоо ниети жоктугун билдирип келет. Бирок бийликтен ХАМАС кулатылганда талкаланган Газаны ким башкарат деген суроодо Израилдин расмий позициясы белгисиз.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости