www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дан эгиндеринин түшүмү төмөн болду

Быйыл Кыргызстан боюнча дан эгиндеринин түшүмү төмөн болуп, анын себеби катары жайдын кургакчыл жана ысык болгону айтылды. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда жыйналган дан эгиндеринин дээрлик 50% ашыгын берген Чүйдүн аймагында түшүмдүүлүк жылдагыдан эки эсеге кыскарган. Облуста арпа-буудайдын түшүмү 46%га аз жыйналды.

Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым райондорунда да түшүмдүн көлөмү жылдагыдан төмөн. 2023-жылы Кыргызстанда дан эгиндери былтыркыга салыштырганда 36,4% аз жыйналган.

Соңку жылдарда мамлекеттик казынадан айыл чарбасына бөлүнгөн каражаттын көлөмү өстү. “Айыл чарбасын каржылоо -11” долбоорунун алкагында быйыл жазында 6,3 миңдей дыйканга жеңилдетилген насыя берилген жана анын жалпы суммасы 2,9 млрд. сомго жакын. Айыл чарба министрлиги каражат негизинен айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоого, мал чарбачылыгына бөлүнгөнүн билдирди. Насыянын теңинен көбүн же 4634 субъект мал чарбачылык категориясы боюнча алган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости