www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вашингтон АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга келгенден кийин стратегиялык жактан Кытайдан биротоло кол жууду. Бул тууралуу аскердик маселелер боюнча серепчи Алексей Леонковго шилтеме берип РИА Новости жазды.

Анын айтымында, АКШ бул раундда жеңишке жеттим деп ойлошу мүмкүн. Бирок мындай кадамы менен Пекинди Москвага мурдагыдан дагы жакындатып койду.

"Америка көлчүккө отуруп калгандай эле абалда. Анткени Кытайдан кол жууганы турат. Тайвань Кытай үчүн өтө талуу тема. Пекин муну тынчтык жолу менен чечүүгө ниеттенип келген. Ал эми АКШ Кытайды согуштук аракеттерге түрттү", — деди Ленков.

Серепчинин пикиринде АКШ атайылап ортого от салгысы келген, бирок Кытай чагымчылыкка алдырган жок.

"Масштабдуу согуштук аракеттерге алып келе турган жана америкалык саясатчылар уюштурган провокацияны мурдунан алысты көрбөгөн саясатчылар гана уюштура алышат. АКШ дагы бир жолу дал ушундай экенин көрсөттү", — деди адис.

Эске салсак, 2-август күнү кечинде АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга барды. Ал келүүгө кам көрүп жатканда эле Кытай бийлиги Пелосинин аралга сапары "Бирдиктүү Кытай" принцибине каршы келерин жана кырдаалды курчутуп жиберерин эскерткен.

Бүгүн эртең менен КЭРдин тышкы иштер министри Ван И Тайвандын Кытай менен толук биригүүсү акыры боло турган нерсе экенин, Кошмо Штаттар аралдын көз карандысыздыгы үчүн кандай гана аракет кылбасын баары текке кетерин кошумчалаган.

Ал эми Кремль Пелосинин сапарын аймактагы чыңалууну күчөткөн провокация деп атаган. Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков муну дүйнөнүн бардык өлкөлөрү каттап жатканын айтып, Россиянын Кытай менен тилектештигин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости