www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунда темир-бетон буюмдарын чыгаруучу кичи завод курулат. Бул тууралуу райондук администрациянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, учурда тиешелүү жабдыктар келип баштады. Аталган заводко Чоң-Алай районунун Региондорду өнүктүрүү фонду тарабынан 10,4 млн сомдук долбоор жактырылган.

Бул долбоорго колдоо көрсөтүү максатында Ош облустук өнүктүрүү фондунан кошумча 6 млн сом бөлүнгөн.

Заводдон темир-бетон мамыча, бетон латоктор, пескоблок, брусчатка жана башкалар чыгарылат.

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынан кошумчалашкандай, аталган заводду ушул жылдын август айынын аягына чейин ишке берүү пландаштырылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости