www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамптын атактуу "Үйдө жалгыз 2" (Один дома 2) киносуна тартылып калышы тууралуу кинонун режиссёру Крис Коламбус айтып бергенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, тасманы тартуучу топ "Үйдө жалгыз 2" тасмасын тартуу үчүн ошол мезгилде Трампка таандык "Plaza" аттуу мейманкананы тандап алган. Тасманы мейманканадан тартууда Трамп такыр башка шарт койгон.

"Мени тасмага тарткыңар келсе, менин мейманканаман тартасыңар", - деген Трамп.

Режиссёрдун айтымында, "Үйдө жалгыз 2" тасмасынын биринчи көрсөтүүсү көрүүчүлөргө жаккандыгына байланыштуу, ал Трамп тартылган эпизодду калтырууну чечкен.

Маалымат үчүн: "Үйдө жалгыз 2" тасмасы 1992-жылы тартылган. Бул тасма ошол жылы эң көп киреше тапкан экинчи тасма болуп саналат. "Үйдө жалгыз 2" тасмасы АКШда 173 миллион доллардан ашык каражат тапса, дүйнө жүзү боюнча 359 миллион доллар киреше тапкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости