www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Вашингтондо АКШнын президенти Дональд Трампты колдоо митингине чыккан адамдардын арасында бычакташуу болду.
Маалыматка ылайык, Америка убактысы боюнча саат 20:00 чамасында Ак үйдүн чыгыш тарабындагы бешинчи кварталда Трамптын тарапташтары менен Америкадагы шайлоолорудагы учурдагы лидери Джо Байдендин каршылаштарынын ортосунда кагылышуу болду. Бир нече мүнөткө созулган мушташ учурунда катышуучулардын бири, болжол менен 20 жаштардагы жигиттин далысына бычак сайылган. Жабырлануучу оор жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.
Митинг учурунда Трамптын тарапкерлери менен каршылаштарынын ортосунда кагылышуу буга чейин бир нече жолу болгон. Натыйжада эки тараптан кеминде 20 адам кармалган. Ошондой эле башаламандык учурунда эки полиция кызматкери жаракат алганы белгилүү болду. Дагы бир нече адам беттеринде же кийимдеринде кан издери менен байкалган, бирок, ал кан кимге таандык, жаракат алган адамдарга эмне болду белгисиз.
Булак: NazarNews.kg