www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президентинин кеңешчиси кызматынан чегинди

АКШнын президенти Джо Байдендин улук кеңешчиси Эрик Лендер кол алдында иштеген адамдарды басынтканы үчүн отставкага кетти. Бул тууралуу Politico жазды.

Ал кызматкерлерине орой мамиле жасаганына өкүнүп турганын билдирген.

"Мен отставкага кетип жатам... Азыркы жана мурдагы кесиптештериме жасаган мамилем менен зыян келтиргеним үчүн капаланып турам", — деген Лендер президентке жолдогон катында.

Басылманын маалыматына караганда, буга чейин Ак үйгө эки айлык изилдөө жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында АКШнын Илим жана технология жаатындагы саясат башкармалыгынын директору Лендер кол алдында иштегендерге орой мамиле жасап, басынтканы аныкталган. Анын азыркы жана мурдагы 14 кесиптеши иште "начар чөйрө" түзүлүп калганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости