www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы мэр Азиз Суракматовдун кылмыш иши токтотулду

Биринчи май райондук соту Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматовдун үстүнөн козголгон кылмыш ишти жоопкерчиликке тартуу мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылы 25-январда Суракматовдун жактоочусу жоопкерчиликке тартуу мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кылмыш ишти токтотууну өтүнгөн. Себеби Суракматов 2003, 2004, 2005 жана 2006-жылы жасалган кылмыштарга айыпталып жаткан жана андан бери 15 жылдан ашуун убакыт өткөн.

Суракматов өткөн жылы 26-майда кармалган. Ал айрым курулуш компанияларына элиталык көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн муниципалдык жер тилкелерин берүүдө коррупцияга барган жана мыйзамсыз байыган деп айыпталган.

15-июлда эч жакка кетпөө тил каты менен абактан бошотулган. Суракматов күнөөсүн мойнуна алган. Ошондой эле тергөө менен кызматташып, УКМКнын депозиттик эсебине 170 млн сом төлөгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости