www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Украина кризисинен улам Орусия менен Кытайдын ортосундагы мамилелердин тереңдеп баратканына тынчсызданууда. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин боло турган жолугушуусуна байланыштуу билдирди, деп маалымдайт ТАСС.

«Биз Орусиянын Украинада агрессивдүү согушун жүргүзүп жаткан учурда да Кытайдын Россия Федерациясы менен болгон байланышынын тереңдигине тынчсызданып жатканыбызды ачык айттык. Бирок алардын жолугушуусу тууралуу айтпай эле коёюн, алар өздөрү бул жөнүндө айтышат», - деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Кытай Эл Республикасынын (КЭР) төрагасы Си Цзиньпин эки жылдан ашык убакыттан бери биринчи жолу ушул аптада Кытайдан чыгып, Борбор Азияга жөнөп, ал жактан Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугаары белгилүү болгон. Чет өлкөгө бул сапар Цзиньпин үчүн COVID-19 пандемиясы башталгандан берки биринчи сапар болору белгиленген.

Путин менен Си Цзиньпиндин жолугушуусу Өзбекстанда өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында пландалууда. Иш-чара 15-16-сентябрга белгиленген, ага 15 мамлекеттин башчылары катышат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости