www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 13-сентябрга караган түнү Орусиянын лидери Владимир Путинге Азербайжан менен чек арадагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу телефон чалды. Бул тууралуу Армениянын министрлер кабинети маалымдады.

"Премьер-министр Азербайжандын куралдуу күчтөрүнүн түн жарымында башталган чагымчыл, агрессивдүү аракеттеринин чоо-жайын айтып берди. Пашинян азербайжан тараптын аракеттерин кабыл алынгыс деп атады жана эл аралык коомчулуктун адекваттуу реакциясынын маанилүүлүгүн баса белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Армениянын Коргоо министрлиги Азербайжандын куралдуу күчтөрү өлкөнүн чек арага жакын аймактарын аткылаганын кабарлаган.

Азербайжан тараптын позициясына келсек, буга чейин өлкөнүн Коргоо министрлиги Армениянын аймагына аскерлердин басып кириши тууралуу маалыматты абсурд деп атаган. Армян тараптын провокациясына жооп катары азербайжандык күчтөр душмандын ок атуу пункттарын зыянсыздандырат деп билдирди Аскердик ведомство.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости