www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Мамлекеттик департаменти Түркияны Сириянын түндүк-батышындагы күрттөргө чабуул койбоого чакырды. Бул тууралуу мекеменин расмий өкүлү Хизер Нойерт билдирди.

Департамент Анкара анын ордуна "Ислам мамлекети" тобуна каршы күрөшкө көбүрөөк көңүл буруусу зарылдыгын белгилейт.

Буга чейин Түркиянын коргоо министри Нуреттин Жаныклы Африн аймагындагы күрд жоочуларына каршы жердеги аскердик операциясын “де-факто” башташканын билдирген.

Ага чейин түрк аскер күчтөрү чек арага жакын тартылганы кабарланган.Эрдоган мындан эки күн мурда АКШ күрддөрдү чыгарып кетпесе мындан жаман окуя болот деп айтканы бар.

Африндеги операциянын абадагы бөлүгү Москва жана Тегеран менен макулдашылып ишке ашырыларын бир күн мурда түрк тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу айткан эле.

Күрттөрдүн Элдик коргонуу кошууну күрт айылдары бутага алынганын маалымдап, кандай гана чабуул болбосун "бар күчү менен жооп кайтарышарын" белгиледи.

Күрттөрдүн бул тобун Кошмо Штаттары колдоп, Сириядагы "Ислам мамлекети" террор тобуна каршы күрөштө жардам берип келди. Ал эми Түркия аларды террордук топ деп тапкан.

14-январда болсо АКШ баштаган эл аралык коалиция күрттөр жетектеген кошуундарга 30 миң кишиден турган чек ара күчтөрүн түзүүгө жардам берерин жарыялаган. Буга Түркия кескин каршы деп жазат Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости