www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын расмий адамдары Россия коронавирус тууралуу жалган маалыматтарды таратып жатканын айтышты. Бул тууралуу «Associated Press» агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, АКШнын атайын кызматтары Орусия коронавирус пандемиясы тууралуу жалган маалыматтарды таркатыш үчүн үч англис тилдүү сайтты колдонгонун ырасташкан.

Маалыматка караганда, Россиянын чалгын кызматы (ГРУ) кеминде үч сайтка - InfoRos.ru, Infobrics.org жана OneWorld.press 150дөй конспирологиялык теорияларды камтыган макалаларды жарыялаткан. Алардын арасында коронавирус биологиялык курал катары Американын аскердик лабораториясында жасалганы тууралуу Кытайга шилтеме берген билдирүүлөр да бар.

Ошондой эле АКШга жеткирилген орусиялык медициналык жабдыктар «эки өлкөнүн ортосундагы алакалардын жакшырышына өбөлгө түзөт» деген сыяктуу да макалалар жайгашкан.

«Associated Press» америкалык аткаминерлерге таянып, бул макалалар Россиянын Башкы чалгын башкармалыгына (БЧБ) тиешеси бар Денис Тюрин жана Александр Старунский атуу эки адамдын көзөмөлүндө жарыяланарын жазат.

Агенттик InfoRos.ru сайты менен байланыша алган эмес. Буга чейин «The Washington Post» басылмасы InfoRosтун БЧБга тиешеси бар экенин кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости