www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Россияны Украина боюнча эскертти

АКШнын Мамлекеттик катчысы Антоний Блинкендин айтымында, эгер Россия Украинага карата агрессивдүү позицияны карманса, анын кесепети болушу мүмкүн.

Блинкен NBC телеканалына берген билдирүүсүндө Украина-Россия чек арасындагы акыркы окуяларга токтолду.

Орусиянын Украинанын чек араларындагы аракеттерине байланыштуу олуттуу кооптонуулары бар экендигин айткан Блинкен: «Президент Джо Байден бул маселеде абдан так. Эгер Россия ойлонбостон же агрессивдүү мамиле жасаса, анын кесепети болот»,- деди.

Украинанын Башкы штабынын башчысы Руслан Хомчак 30-мартта парламентте сүйлөгөн сөзүндө Россия машыгууну шылтоолоп, Украинанын чек арасына жакын аймакка аскерлерин жөнөтүп жаткандыгын билдирди.

Ал эми Орусия болсо жүк өткөрүү өлкөнүн чегинде болгонун жана эч кимге коркунуч туудурбагандыгын билдирди.

Донбасстагы кризистин чечилишине байланыштуу Россия, Украина жана Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму кирген үч тараптуу байланыш тобу 2020-жылдын 27-июлуна карата ок атышууну токтотуу боюнча кеңири чечим кабыл алган.

2014-жылдан бери ушул чөлкөмдө көз карандысыздыгын жарыялаган орусиячыл жикчилдер менен Киев бийлигинин ортосундагы кагылышууларда 13 миңден ашуун адам каза тапкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости