www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактын колдонуучулары ханзаада Филипптин өлүмүнө ханзаада Гарри жана Меган Марклды айыптап жатышат.
Жакында эле Филипптин жүрөгүнө оор операция жасалган, ошондуктан ал эс алууга муктаж болгон. Бул тууралуу маалыматтар чет элдик басма беттеринде жүздөп саналат. Падышалык үй-бүлөнүн күйөрмандары үчүн Филипптин өлүмү ал бир топ жашка келип калганына карабай күтүүсүз болгон. Алар ханзааданы мындан да узак жашайт деп күтүшкөн.

Аны өлүмгө ханзаада Гарри менен Меган жеткирген деп түгөйлөрдү айыптап жатышат.

Бул тууралуу пикирлер социалдык тармактарга да байма-бай жазылууда.

“Гарри менен Меган, өлүмгө силер күнөөлүүсүңөр, силер бул күнөөңөрдү сезишиңер керек", - деп жазган ханзааданын өлүмүнө тынчсызданган интернет колдонуучуларынын бири.

Белгилей кетчү нерсе, социалдык тармактагы расмий баракчасына Гарри менен Меган ханзаададан айрылганы боюнча эч кандай билдирүү жазышкан эмес.

Буга чейин Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II'нин жолдошу, Эдинбург герцогу, ханзаада Филипп 9-апрель күнү 99 жашында дүйнө салганы маалым болгон. Ал эки айдан кийин 100гө чыкмак.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости