www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Тышкы чалгын кызматы АКШ армиясы Россияда жана КМШда террордук чабуулдарды жасоо үчүн согушкерлерди жалдаганы тууралуу маалымат таратты.

Январь айында АКШ Россия менен КМШ өлкөлөрүндөгү теракттар үчүн 60 согушкерди тандап алган. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

«Тышкы чалгындоо кызматына келип түшкөн ишенимдүү маалыматтарга караганда, америкалык аскерлер Россиянын аймагында жана КМШ өлкөлөрүндө теракттарды уюштуруу үчүн "ИМ"* жана "Аль-Каида"* менен байланышы бар жихаддык топтордун согушкерлерин жигердүү жалдап жатат», - деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Тышкы чалгындоо кызматы билдиргендей, америкалыктар Россиянын Түндүк Кавказ аймактарынан жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген адамдарды кызматташууга тартуу үчүн өзгөчө көңүл бурууда.

Буга чейин Жакынкы Чыгыштагы согуштук аракеттерде тажрыйбасы бар террорчулар азыр Сириядагы Эт-Танф базасында машыгуудан өтүүдө.

Жакын арада АКШ аларды дипломаттарга жана коопсуздук күчтөрүнө каршы террордук чабуулдарды жасоо үчүн Россия менен КМШнын башка өлкөлөрүнө жөнөтүүнү пландоодо.

Америкалык аскерлердин планына ылайык, алар эл аралык террордук топтордун, анын ичинде "Хизб ут-Тахрир"*, "Жамаат Ансаруллах"* жана "Өзбекстан ислам кыймылы"* менен бирге чабуулдарды уюштурушат.

"АКШнын күч түзүмдөрүндө кандайдыр бир моралдык принциптердин жоголгону акыры көрүнүп турат. Россияны алсыратууну максат кылган Вашингтондун стратегдери террорчуларды өздөрүнүн ыплас максаттарына түздөн-түз колдонууну алгылыктуу деп эсептейт", - деп белгиленет ведомствонун маалыматында.

Тышкы чалгындоо кызматы мындай аракеттери менен Штаттар өзүн ири эл аралык террордук топтор менен бир катарга коюшту деп белгиледи.
 
Белгилей кетсек, "ИМ"* жана "Аль-Каида"* террордук уюмдары дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө, анын ичинде Россияда жана Борбор Азияда тыюу салынган.

 

 

Последние новости