www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 14-февралда дүйнө жүзүндө сүйүү күнү белгиленип жатат. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров менен жубайы Айгүл Жапарованын сүйүү баянын сунуштайбыз.
Өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарова учурда 49 жашта. Мектепти аяктагандан кийин Каракол шаарындагы медициналык училищеге тапшырган. Кийинчерээк И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика факультетин аяктаган.
Болочоктогу жубайлар коңшу айылдарда жашачу жана достору менен чогуу жаратылышка эс алууга чыкканда таанышып калышкан. Ошол кезде Айгүл Асанбаева 18, ал эми Садыр Жапаров 23 жашта болчу. Алар 3 жыл сүйлөшкөндөн кийин баш кошушкан.
«Садыр «романтик» эмес. Бирок студент кезде Садыр Бишкекте жүргөндө, мен Караколдо окуп жатканда, ал мага жума сайын телеграмма жөнөтүп, телефон аркылуу сүйлөшүүгө чакырчу. Бул Советтер союзундагы эң жеткиликтүү байланыш булагы болчу. Мен бир жума бою чыдамсыздык менен күтүп, телефонго сүйүнүп чуркап барчумун. Ошол күнү кээде эмне жөнүндө сүйлөшүүнү да билчү эмеспиз, жөн гана бири-бирибиздин үнүбүздү угуп турчубуз», - дейт Айгүл Жапарова.
Жубайлардын 4 баласы бар. Айгүл Жапарованын айтымында, алар Садыр Жапаровдун жол кырсыктан улам жубайы менен чогуу каза болгон инисинин уулу Ринатты да чоңойтушкан.
Маалымат «ОколоПолитики» журналынын сайтынан алынды.