www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ жана анын союздаштары Орусиянын инфраструктурасына чабуул жасоо үчүн Украинада IT-армиясын түзгөнүн мойнуна алды. Бул тууралуу РИА Новостиге Орусиянын ТИМ башчысынын орун басары Олег Сыромолотов билдирген.

БУУнун маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ) боюнча жумуш тобунун үчүнчү сессиясы тууралуу айтып жатып, Сыромолотов Орусиянын делегациясы фактыларга таянып АКШ жана анын союздаштары чабуул жасоо үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологияларды  колдонуп жатканын эскерткенин билдирген. "Алар Орусиянын инфраструктурасына чабуул коюу үчүн Украинанын IT-армиясын түзгөнүн да мойнуна алууда", — деген дипломат.

Июнь айында Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык маалыматтык коопсуздук департаментинин директору Андрей Круцких - Украина, АКШ жана Грузиядан келген хакерлердин тобу Орусиянын мамлекеттик органдарына киберчабуул жасап жатканын билдирген. Ал эми Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Москва маалымат коопсуздугуна шек келтирүүгө болгон бардык аракеттерге туруштук берерин билдирип, Батыш Украинада хакерлердин армиясын "өстүрүп" жатканын кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости