www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия менен Украина туткундарды жана курман болгон аскер кызматкерлеринин сөөгүн алмаштыруу боюнча 27 операция өткөрдү. Бул тууралуу кечээ, 3-августта, өткөн брифингде Орусиянын коргоо министринин орун басары Александр Фомин билдирди.

«Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин катышуусунда Киев менен согуш туткундарынын жана курман болгон аскер кызматкерлеринин сөөгүн алмаштыруу боюнча диалог уюштурулду. Буга чейин мындай 27 операция жасалды», - дейт Фомин.

Ал Орусия Федерациясынын Коргоо министрлигинде согуш туткундары үчүн туруктуу иштеген медициналык комиссия түзүлүп, украиналык аскер кызматкерлеринин мекенине кайтарылышы өз убагында жүргүзүлүп жатканын билдирди. Анын ичинде 18 адам мекенине кайтарылган.

«Орусиянын Коргоо министрлигинде оорукчан жана жарадар болгон согуш туткундарын текшерүү үчүн туруктуу иштеген медициналык комиссия түзүлдү. Комиссия Женева конвенциясына негизделген сунуштардын жана принциптердин негизинде иштейт. «Украиналык аскерлерди өз убагында кайтаруу иштери жүрүп жатат. Комиссиянын чечими менен учурда 18 адам Украинага өткөрүлүп берилди», — деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости