www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Африка Республикасында (ТАР) нааразылык акциялары күч алууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Буга себеп, электр энергиясынын кымбатташы жана жашоо деңгээлинин төмөндөшү болууда. Негизги кызматтардын кымбаттыгына нааразы болгон жергиликтүү тургундар Тембиса шаарындагы жолдорду күйгөн дөңгөлөктөр менен тосушуп, муниципалдык имаратты өрттөшкөн.

Полиция менен кагылышуудан улам 4 адам каза болгону айтылды. Полиция өлүмдөрдүн себебин азырынча тастыктай элек, тергөө иштери уланууда.

Белгилей кетсек, дүйнөдөгү жумушсуздук жана кылмыштуулук эң көп катталган өлкөлөрдүн бири болгон Түштүк Африкада нааразылык акциялары байма-бай болуп турат.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости